Menu

КР Финансы министрлигинде PEFA 2026 баалоосунун алдын ала жыйынтыктары талкууланды

КР Финансы министрлигинде PEFA 2026 баалоосунун алдын ала жыйынтыктары талкууланды

КРФМ

2026-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн PEFA 2026 баалоосунун алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо боюнча семинар болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилиги, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, PEFA баалоо тобу, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Семинарды Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Айдарбек уулу Талас ачты.

Өз сөзүндө ал баалоо тобуна аткарылган иши үчүн, ошондой эле министрликтерге жана ведомстволорго зарыл болгон маалыматтарды чогултууга жана берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, ал PEFA баалоосун аяктоонун жана андан кийинки сунуштарды ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлигинин мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө PEFA баалоо тобу мамлекеттик финансыны башкаруу системасынын негизги багыттары боюнча баалоонун алдын ала жыйынтыктарын сунуштады. Анын ичинде бюджеттин ишенимдүүлүгү, мамлекеттик финансынын ачык-айкындуулугу, активдерди жана милдеттенмелерди башкаруу, бюджеттик-салыктык стратегия жана бюджетти түзүү, бюджеттин аткарылышынын айкындуулугу, отчеттуулук, ошондой эле тышкы көзөмөл жана аудит камтылды.

Баалоонун алдын ала жыйынтыктары мамлекеттик финансыны башкаруу системасынын бир катар багыттары боюнча жетишилген прогрессти чагылдырды.

Ошону менен бирге мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган багыттар белгиленди.

PEFA баалоосунун жыйынтыктары Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн практикалык мааниге ээ экендиги белгиленди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар PEFA баалоонун алдын ала жыйынтыктарын, кийинки этаптарын, ошондой эле PEFA корутундуларын жана сунуштарын эске алуу менен мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1941

Окшош жаңылыктар