Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда коллегия болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда коллегия болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын консолидацияланган жана мамлекеттик бюджеттеринин параметрлери.

Борбордук Казыналыктын алдын ала маалыматтары боюнча 2022 - жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстары 442 ,4 млрд. сомду түздү.

             Отчеттук маалыматтар боюнча, мамлекеттик бюджет 300 628,7 млн  сом  суммасындагы кирешелерден жана 311 031,0 млн сом суммадагы чыгымдардан түзүлүп  (-) 10 402,3 млн сом  дефицит менен аткарылган.

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300 628,7 млн. сомду түздү.

Анын ичинен:

  • Салыктык кирешелер 228 961,5 млн. сомду түздү, бул жалпы   кирешенин 76,1% пайызын түзөт.
  • Мамлекеттик салык кызматы тарабынан - 154 650,7 млн.сом, план 100,4% га аткарылган. Ал эми  2021-жылга салыштырмалуу 48,3% га же 50 353,8 млн.сомго өстү.
  • Мамлекеттик бажы кызматы - 74 310,8 млн. сом план 100,8% га аткарылган. Түшүүлөр 58,5% га же 27 422,5 млн.сомго өстү.
  • Салыктык эмес түшүүлөр 52 055,3 млн.сомду же пландын 96,0% ын түздү. Жыл ичинде жыйымдар 7 152,1 млн.сомго же 15,9% га өстү.
  • Расмий гранттардын түшүүлөрү 19 492,6 млн. сомду түздү, пландык көрсөткүч 97,6% га аткарылды. 2022-жылы гранттардын түшүүсү           5 754,1 млн.сомго өстү.

РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ

     2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 270 314,4 млн.сомду  же  план  98,8%  ды  түздү.  Республикалык бюджеттин кирешеси  2021-жылга караганда 44,2% га же 82 871,7 млн.сомго өстү.

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 203 432,0 млн.сомду же план 99,7% га аткарылды. (2021-жылга караганда 71 296,5 млн.сомго же 54,0% га өстү).

Салыктык эмес түшүүлөр 47 386,0 млн.сомду же пландын 95,2% ын түздү. 2021-жылга караганда 14,0% га же 5 820,3 млн.сомго өстү.

Официалдык трансферттер 

Расмий гранттардын түшүүлөрү 19 492,6 млн.сомду түздү, план 97,6% га аткарылды. 2022-жылы гранттардын түшүүсү 5 754,1 млн.сомго өстү.

Чыгаша бөлүгү:

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин  жыйынды чыгымдары 283 366,3 млн. сомду түздү, план 304 043,9 млн.сом же 93,2% га аткарылды. ВВПга карата  республикалык бюджеттин чыгымдары 31,0% ды түздү.

Бюджеттик мекемелердин социалдык маанилүү беренелери боюнча келип түшкөн бардык заявкалар толук көлөмдө канааттандырылган, анын ичинде эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, тамактануу, компенсациялар, пособиялар, стипендиялар жана мамлекеттик карызды тейлөө беренелерин камтыйт.

Корголгон беренелер (защищенные статьи) боюнча чыгымдар:

- эмгек акы төлөө фонду боюнча 75 156,4 млн. сом;

- Социалдык фондго төлөмдөр 9 615,9 млн. сом;

- медициналык кызмат жана товарларды сатып алуу 1 224,4 млн. сом;

- социалдык камсыздоо жана калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча 16 763,1 млн.сом.

Финансы министрлиги салыктык келип түшүүлөрдү фискалдаштыруу жана башкарууну жакшыртуу боюнча активдүү ишти улантуу менен кирешенин өсүү темпин олуттуу деңгээлде сактоого жетишти.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2749