Menu

Руслан Суйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын министри Максим Ермолович  менен жолугушту

Руслан Суйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын министри Максим Ермолович менен жолугушту

КРФМ

2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү - атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара кызматташтык, тиешелүү укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы өз ара кызматташтыкты улантууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын жалпы рыногун өркүндөтүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2508

Окшош жаңылыктар