Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды
КРФМ
2026-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министрликтин жетекчилигинин төрагалыгы алдында Финансы министрлигинин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө берилген тапшырмалардын аткарылышы, бюджеттик саясаттын ишке ашырылышы боюнча негизги маселелер каралып, ошондой эле министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Күн тартибине ылайык, Коллегиянын мүчөлөрү 2026-жылдын 27-январындагы Коллегиянын жыйынынын протоколунун аткарылышы тууралуу маалыматты угушту.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын алгачкы алты айындагы республикалык бюджетинин аткарылышына бурулду. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жыйынтыктары аталып, мамлекеттик жана салыктык эмес кирешелердин түшүү көрсөткүчтөрү каралып, бюджеттин аткарылышындагы учурдагы тенденциялар талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Талкуунун жүрүшүндө экономиканын тармактары менен социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландаштыруу, мамлекеттик капиталдык салымдарды ишке ашыруу, бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары каралды.
Өзүнчө маселе катары биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча аткаруучулук тартип каралды. Талкуунун жыйынтыгында тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган чаралар аныкталды.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын үстүбүздөгү жылдын алты айындагы бюджетинин аткарылышын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин өнүгүү стратегиясынын долбоорун жана башка маселелерди карашты.
Коллегиянын жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынып, республикалык бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга, бюджеттик процессти өркүндөтүүгө, финансылык тартипти чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тапшырмалар берилди.
15 сүрөттөр
0.00MB