Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Россия Федерациясынын Финминине караштуу Финансылык изилдөөлөр институтунун эксперттеринин иш сапары болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Россия Федерациясынын Финминине караштуу Финансылык изилдөөлөр институтунун эксперттеринин иш сапары болуп өттү

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жана ага караштуу Финансы илимий-изилдөө институтунун (ИИФИ) делегациясынын иш сапары жүрүүдө. Бул иш сапар эки өлкөнүн Финансы министрликтери ортосундагы 2023–2025-жылдарга карата эки тараптуу кызматташтык программасынын үчүнчү жылындагы иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.

Иш сапардын алкагында илимий-практикалык жана окуу семинарлары, ошондой эле жумушчу жолугушуулар каралган. Сапардын ачылышында «Санариптештирүү шартында Кыргыз Республикасынын экономикасындагы көмүскө секторду кыскартууга багытталган салык салуу жана салыктык башкаруунун методологиясын өркүндөтүү» темасында ири семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кочкоров саламдашуу сөзүндө салыктык башкаруу жаатында тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын, ошондуктан өнөктөш өлкөлөрдөгү реформаларды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу зарылдыгын белгиледи.

Россиялык делегациянын өкүлү, Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Финансы илимий-изилдөө институтунун (ИИФИ) кеңешчиси, Эки тараптуу кызматташтык программасынын эксперти Сергей Шаталов салык маселелери ар дайым ар бир өкмөттүн ишиндеги негизги багыттардын бири болуп келгендигин белгиледи. Эгер салыктык башкаруу системасы болбосо, кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуулугу төмөн болорун баса белгиледи.

Анын айтымында, ар бир мамлекет үчүн олуттуу маселелердин бири – бул көмүскө экономика жана салык чогултуунун деңгээли. Программанын эксперттери – ИИФИнин Салык саясаты борборунун жетекчиси Миляуша Пинская жана борбордун улук илимий кызматкери Алексей Батарин аталган теманы тереңирээк ачып, “Экономиканын санариптештирүү шартында салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн жүрүм-турум моделдерин эске алуу менен уюмдарга жана жарандарга салык салуунун формалары менен ыкмаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу” темасында презентация жасашты.

Семинардын жыйынтыгында жандуу талкуу өтүп, бул багыттагы кызматташууну улантууга болгон эки тараптын кызыгуусу дагы бир ирет ырасталды.

Тиркелген файлдар

JPG
4_.JPG

1.78 MB

JPG
2_.JPG

2.81 MB

JPG
3_.JPG

9.08 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
3236

Окшош жаңылыктар