Menu

Финансы министрлигинде 2027–2029-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү

Финансы министрлигинде 2027–2029-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын «2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө» мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү. Талкууга Кыргыз Республикасынын  Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу, министрдин орун басары Жибек Дуйшеева, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп келет.

Иш-чараны ачып жатып, министрдин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу мамлекеттик бюджет финансылык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы гана эмес, мамлекеттик жана бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын чагылдырган маанилүү документ экенин белгиледи.

Ал бюджеттин долбоорун ачык жана мазмундуу талкуулоонун, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда түз диалогду камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Божомолдуу көрсөткүчтөргө ылайык, 2027-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 727,3 млрд сом өлчөмүндө, чыгашалары 694,8 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Республикалык бюджеттин профицити 32,5 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда.

Коомдук бюджеттик угууда катышуучулар бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде Улуттук онкология борборун каржылоо жана дары-дармек каражаттарын сатып алуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды медициналык реабилитациялоо, угуусунда көйгөйү бар балдар үчүн кеп-үн процессорлорун алмаштыруу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калкты социалдык жактан колдоо чараларын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Коомдук бюджеттик угуу жарандык коомдун бюджеттик процесске катышуусунун маанилүү механизми болуп саналат. Ал мамлекеттик бюджетти түзүүнүн ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга өз сунуштарын жана сын-пикирлерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Угуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн бардык сунуштар жана сын-пикирлер жалпыланып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 2027-жылга республикалык бюджеттин жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгилдин долбоорун андан ары өркүндөтүүнүн алкагында каралат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1814

Окшош жаңылыктар