“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг компаниясынын банктагы эсебинде 3,4 млрд. сом толугу менен сакталып турат

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг компаниясынын банктагы эсебинде 3,4 млрд. сом толугу менен сакталып турат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы”  улуттук холдинг компаниясы” акционердик коому КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы  №297 токтомуна ылайык түзүлгөн.

Ага республикалык бюджеттен компаниянын уставдык капиталына 3,4  млрд сом которулган. Учурда ал каражат банктагы эсебинде толугу менен сакталып турат. 

Бүгункү күндө КР Министрлер кабинети тарабынан аталган коомду жоюу боюнча тийштүү иштер жүргузулуп жаткандыгына байланыштуу,  Финансы министрлигинен болүнгөн каражаттын 2,7 млрд сому республикалык бюджетке кайтарылат. 

700 млн сому КРдин мыйзам талаптарына ылайык “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясын” жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат. Алар:

  • Жаратылыш ресурстар министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына - пайдалуу казындыларды казууга алынган лицензиялар үчүн бонустарды (салыктарды) төлөөгө 638 миллион сом;

  • Калган сумма кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, жайларды ижарага алууга жана башкаларга жумшалат.

Түзүлгөн

-
2933

Окшош жаңылыктар