Тренддер
НООКЕН РАЙОНУНДА 50 ОРУНДУУ ТӨРӨТ ҮЙҮ КУРУЛУП БҮТКӨРҮЛДҮ
Төрөт үйүнүн курулушу КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Ноокен районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Ноокен районунун Кочкор Ата шаарында 2021-жылы жалпы суммасы 57 млн сомдук 50 орундуу төрөт үйүнүн куруу иштери башталып, учурда бүткөрүлүп ишке берилди.
Анын ичинде:
- 26 млн сом КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма;
- 37 млн сом Кочкор Ата шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Бүгүнкү күндө төрөткана Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. Мекеменин шарттары жакшы жана жарандарды тейлөө үчүн даяр.
8 сүрөттөр
14.91MB