Menu
Тренддер

АЛЫСКЫ АЙМАКТАРДА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛӨТ
КР Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды Башкаруу бөлүмү тарабынан “Сут тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча кошумча каржылоо” Долбоорунун алкагында, «Дыйкан чарбалардын деңгээлинде инвестициялар» компонентин ишке ашырууда Жүгүртүүчү фонддун активдүү фазасы башталды.
Атап кетсек Кочкор району боюнча Кум-Дөбө, Акжар, Теңдик, Большевик, Карасаз, Каракүнгөй, Семизбел жана Каратоо айылдарында эл менен жолугушуулар өткөлүлду. Сүт өндүрүүчүлөр тобу менен насыя алган фермерлер менен келишимдер түзулду. Бүгүнкү күндө кредит алуучу фермерлердин саны 262 жетти.
Кочкор районунун калган аймактарында, анын ичинде Чолпон, Эпкин, Туз айылдарында калкка түшүндүрүү иштери да активдүү жүрүп жатат. Учурда аталган айылдарда 91 фермерге каражат берүү каралууда. Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн адистери үймө-үй кыдырып, ар бир чарбада бодо малды кармоо шарттары жана алардын финансылык абалы менен таанышты.
Муну менен катар алыскы аймактарда финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлүүдө.






6 сүрөттөр
38.01MB