“МИКРО, КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАРГА ӨЗГӨЧӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ИШКЕР 2 МЛН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ АЛДЫ

“МИКРО, КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАРГА ӨЗГӨЧӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ИШКЕР 2 МЛН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ АЛДЫ

ФМ КР

 

Silk Way компаниялар тобунун негиздөөчүсү ишкер Эрмек Мырзабеков мамлекеттен “Доскредобанк” аркылуу 2 жылдык мөөнөткө 2 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алган. Анын айтымында, компанияда бардык керектүү документтер болгондуктан, каражат алууда эч кандай маселе болгон эмес. Ишкерлерди Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө шыктандырган “Микро, кичи жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү” долбоорун ишке ашуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бул долбоор Covid-19 пандемиясынан кийин туризм тармагын колдоо боюнча чоң кадам болду.

Silk Way компаниялар тобу бир нече багытта иш алып барат - сыртка чыгуу жана бизнес туризми, башкача айтканда, Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө жөнөтүү, биздин өлкөдө чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жана корпоративдик уюмдарды тейлөө. Ишкана долбоордун алкагында алынган каражатты жүгүртүү каражаттарын толуктоого жумшаган.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
682

Окшош жаңылыктар