Menu
Тренддер

"БЮДЖЕТТИК ПЛАНДООНУ РЕФОРМАЛОО ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАЛАРДЫ БААЛОО" III ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНЫН ЭКИНЧИ ТЕМАТИКАЛЫК БЛОГУНУН АЛКАГЫНДА МАЗМУНДУУ ДИСКУССИЯЛАР БОЛУП ӨТТҮ
Бишкек, Кыргыз Республикасы – 2025-жылдын 18-июну
Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн өткөрүлүп жаткан III Эл аралык конференциянын экинчи тематикалык блогунда мазмундуу жана практикалык маанидеги талкуулар улантылды. Блоктун алкагында бюджеттик системаны реформалоонун негизги багыттары талкууланып, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Армения өлкөлөрүнүн финансы ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.
Азербайжан Республикасынын Финансы министрлигинин Орто мөөнөттүү чыгымдарынын алкактарын даярдоо борборунун директору Илхам Керимов “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы реформалар, атап айтканда натыйжага багытталган бюджеттик пландоого альтернативалуу мамиле” темасында баяндама жасады. Ал бюджеттик эрежелерди киргизүүнү, орто мөөнөттүү пландоону өнүктүрүүнү жана конкреттүү жана өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүүгө багытталган программалык бюджеттөөгө өтүүнү камтыган реформалардын комплексин кеңири тааныштырды
Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик процесстин методологиясы башкармалыгынын начальниги – башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары Марина Тихонович өзүнүн “Мамлекеттик программаларды ишке ашырууда тармактык ыкмадан артыкчылыктарды жана багыттарды коюуга өтүү” деген баяндамасында бюджеттик саясатты өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктарына жана программалардын натыйжалуулугуна ылайык түзүү зарылдыгына көңүл бурду.
Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик бюджет башкармалыгынын башкы адиси Амонулло Ахмедов “Санариптештирүү шарттарында программалык бюджеттөө” темасында баяндама жасап, бюджеттик пландоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, натыйжалуулугун жогорулатуу жана программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары менен бөлүштү.
Армения Республикасынын Финансы министрлигинин Программаларды баалоо жана ички аудит саясаты бөлүмүнүн башчысы Гарик Петросян “Армения Республикасында бюджеттик программаларды баалоо системасын киргизүү” темасында улуттук тажрыйбаны сунуштады. Өз сөзүндө ал отчеттуулукту жогорулатуунун жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруунун маанилүү куралы катары программалардын натыйжалуулугун баалоо системасын өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.
Сессиянын соңунда “эркин микрофон” форматында ачык талкуу уюштурулду. Анын алкагында катышуучулар пикир алмашышты, баяндамачыларга тактоочу суроолорду беришти жана бюджеттик саясат чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Жандуу диалог кесиптик алмашууну тереңдетүүгө жана заманбап экономикалык чакырыктардын шарттарында өлкөлөрдүн алдында турган милдеттерди чечүүгө жалпы мамилелерди иштеп чыгууга өбөлгө түздү.




4 сүрөттөр
0.00MB