Тренддер
Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев менен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инь Минь Янь жолугушту
КРФМ
Самарканд шаарында 2–6-май күндөрү өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инь Минь Янь менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инь Минь Янь банк мындан ары да Кыргыз Республикасына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Анын ичинде түзүмдүк реформаларды илгерилетүү, мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо жана санариптештирүүнү өнүктүрүү багыттары камтылары айтылды. Анын сөзүнө караганда, Азия өнүктүрүү банкы өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга мындан ары да көмөк көрсөтөт.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирип, бюджеттик колдоонун макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоодо жана негизги реформаларды илгерилетүүдө маанилүү экенин баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы ар дайым конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга ачык. Биз Азия өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктү жогору баалайбыз жана стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен ишти мындан ары кеңейтүүгө даярбыз», — деп белгиледи финансы министри.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык мааниге ээ долбоорлорду ишке киргизүүнү жана ишке ашырууну кыйла тездетүүгө мүмкүндүк бере турган алкактык макулдашууга кол коюлду.
Тараптар мындан аркы өнөктөштүктү бекемдөө өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө жана реформаларды натыйжалуу илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
5 сүрөттөр
0.00MB