2022- ЖЫЛЫ ИЛИМ ТАРМАГЫНА 664,2 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

2022- ЖЫЛЫ ИЛИМ ТАРМАГЫНА 664,2 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

2022-жыл үчүн ИЛИМ БОЮНЧА республикалык бюджеттен 664,2 млн.сомго чыгашалар каржыланган, такталган план 746,2 млн.сом түздү, 89% ды түзөт. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФ төгүмдөрү, тамактануу, стипендиялар) аткаруу 613,4 млн.сом түздү, такталган план 675,6 млн.сом же 91% ды түздү.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына салыштырмалуу (513,2 млн.сомго) 2022-жылдын чыгашалары 151,0 млн.сомго же 129% га көбөйүү менен аткарылган.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйдү.

        УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА республикалык бюджеттен 386,2 млн.сом чыгашаларды каржыласа, такталган план 448,5 млн.сом түзүп, 86%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФке, тамак-аш, стипендия) аткарылганы 353,9 млн.сом түзүп, такталган план 399,4 млн.сомго же 88% аткарылды.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (311,5 млн.сомго) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 74,7 млн.сомго көбөйүү менен аткарылган.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

Эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү өз убагында каржыланды

        УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН чыгашасы республикалык бюджеттен 10,3 млн.сом түзсө, такталган план 11,3 млн.сом түзүп, 91%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФга, тамак-аш, стипендия) аткарылышы 9,3 млн.сом түзүп, такталган план 10,1 млн.сомго же 92% аткарылды.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (6,7 млн.сомго) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 3,6 млн.сомго көбөйүү менен аткарылды.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

Эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү өз убагында каржыланды

       Билим берүү жана илим министрлигине республикалык бюджеттен чыгашаларды 190,1 млн.сомго каржыласа, такталган план 198,2 млн.сом түзүп, 96%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФга, тамак-аш, стипендия) аткарылышы 187,6 млн.сом түзүп, такталган план 195,6 млн.сомго же 96% аткарылды.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (142,8 млн.сом) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 47,3 млн.сомго көбөйүү менен аткарылган.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

      

УЛУТТУК “МАНАС” АКАДЕМИЯСЫна республикалык бюджеттен 18,6 млн.сомго каржыласа, такталган план 22,1 млн.сом түзүп, 85%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФке, тамак-аш, стипендия) аткарылганы 10,9 млн.сомго түзсө, такталган план 11,7 млн.сомго же 93%ды түздү.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (13,3 млн.сом) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 5,4 млн.сомго көбөйүү менен аткарылды.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

      КЫРГЫЗПАТЕНТКЕ  республикалык бюджеттен 48,9 млн.сомго чыгашалар каржыланган, такталган план 55,9 млн.сом түзүп, 88%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФке, тамак-аш, стипендия) аткарылганы 47,8 млн.сом түзүп, такталган план 54,7 млн.сом же 87%ды түздү.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (33,2 млн.сом) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 15,8 млн.сомго көбөйүү менен аткарылды.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

       ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТТАРЫ тарабына республикалык бюджеттен 9,9 млн.сомго чыгашалар каржыланган, такталган план 10,35 млн.сом түзүп, 96%ды түздү. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФке чегерүү, тамак-аш, стипендия) аткарылганы 3,8 млн.сом түзүп, такталган план 4,0 млн.сом же 95%ды түздү.

2021-жылдын иш жүзүндөгү чыгашаларына (5,7 млн.сомго) салыштырмалуу 2022-жылдын чыгашалары 4,3 млн.сомго көбөйүү менен аткарылды.

Эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылы бюджеттик каражаттардын 2021-жылга салыштырмалуу көбөйүшү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2818