Menu

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлдү

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлдү

КРФМ

2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган семинар болуп өттү.

Семинарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ташыбек уулу Нурсултан өткөрдү. Иш-чарага Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарынын негизги талаптары, мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык этикасынын ченемдерин жана коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттарын сактоо маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзам талаптарын так сактоого жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке жоопкерчилигине бурулду.

Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин чыңдоо боюнча практикалык чаралар каралды.

Семинардын жыйынтыгында кызматкерлер арасында коррупцияга каршы маданиятты мындан ары калыптандыруунун, укуктук сабаттуулукту жогорулатуунун жана коррупциянын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелери боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде уюштурулуп келет.

#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
3410

Окшош жаңылыктар