ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫНДА ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫНДА ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматында текшерүү комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук уюмдарындагы аудиттердин 2024-жылдагы 9 айынын жыйынтыктары, ошондой эле бөлүнгөн субсидиялардын тууралыгы жана муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканаларындагы дебитордук жана кредитордук карыздардын аныктыгы боюнча аудиттердин жыйынтыктары каралды.

 

 Жыйын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйында Маданият объектилериндеги айлык акыларды эсептөөдөгү мыйзам бузуулар жана кемчиликтер боюнча маселелер талкууланды. Андан тышкары жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалардын экономикалык жактан негизделген чыгымдарынын негизинде субсидияларды каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маселелер каралды. Текшерүү комиссиясы тарабынан текшерилүүчү объектилердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана ички контролдук системаларын чыңдоо боюнча сунуштар берилди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
974

Окшош жаңылыктар