Menu
Тренддер

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАРГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ
КР Финансы министри А.К.Бакетаевдин төрагалыгы астында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомдордун негизинде окутуу өткөрүлүүдө.
КР Финансы министри А.Бакетаев окутуу семинарында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелинде №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жөнүндө” №489 бекитилген токтому тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошону менен бирге А.Бакетаев Мыйзамдын бул редакциясында электрондук каталог аркылуу сатып алууну кеңейтүү, Комиссиянын ишин, мөөнөттөрдү кыскартуу жана бардык иш-аракеттерди электрондук форматта киргизүү жаатында Мыйзамды жеңилдетүү боюнча көптөгөн иш-чаралар аткарылгандыгын белгиледи.