КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖАЙЫТТАРДЫН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮНӨ КӨҢҮЛ БӨЛҮНӨ БАШТАДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖАЙЫТТАРДЫН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮНӨ КӨҢҮЛ БӨЛҮНӨ БАШТАДЫ

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган жылдардан тарта алгачкы жолу жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында үрөнчүлүк чарбаларына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө баштады.

 

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган жылдардан тарта алгачкы жолу жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында үрөнчүлүк чарбаларына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө баштады.

2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 202-Р буйругу менен жайыттардын абалын жана түшүмдүүлүгүн жакшыртууга, Жайыт комитеттерине жана үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө 30,4 миллион сом каралган.

Кошумчалай кетсек, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы №526-р буйругу менен Жайыт жана мал чарба департаментине эспарцет үрөнүн сатып алуу үчүн кошумча 12,5 млн сом бөлүнгөн.

2023-жылдын 10 айында Кыргыз Республикасынын жайыттарынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментине 26,5 млн бөлүндү.

***

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1065