Кыргыз делегациясы Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Кыргыз делегациясы Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Жолугушууда учурдагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасында АӨБ жардамынын алкагында экономиканын өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда, алар: энергетика, айыл чарба, транспорт, социалдык чөйрө ж.б.

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү Директорлор кеңешине Азия өнүктүрүү банкы менен адистештирилген багыттар боюнча кызматташуу долбоорлорунун алкагында жетишилген натыйжалар, учурдагы абал жана көйгөйлөр тууралуу кеңири маалымат беришти. 

Тараптар мүмкүн болгон кызматташуу боюнча долбоорлорду талкуулашты. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, транспорттук коридорлорду жакшыртуу, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарды алдың алуу, аймактарды өнүктүрүү багыттары боюнча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Учурда 2023-2027-жылдарга АӨБ менен Кыргызстандын жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы иштелип чыгууда, анын максаты инклюзивдүү жана туруктуу өсүүгө көмөктөшүү  жана жашоонун сапатын жакшыртуу болот.

Мындан тышкары, тараптар АӨБнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө, эки тараптуу кызматташуунун келечегине, жалпысынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тиешелүү маанилүү маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2553