Финансы министри Алмаз Бакетаевдин Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу

15-сентябрда Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаевдин жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия региону боюнча директору Татьяна Проскурякованын катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-октябрына белгиленген Бишкек экономикалык форумунун маселеси талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы беш жылдык мөөнөткө мындан аркы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө алкактык макулдашуунун маселесин талкуулашты.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2660