КР Финансы министри А.Бакетаев менен Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүгү боюнча башкы директору Петерис Устубс ортосунда жолугушуу болуп өттү

КР Финансы министри А.Бакетаев менен Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүгү боюнча башкы директору Петерис Устубс ортосунда жолугушуу болуп өттү

2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаев менен Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүгү боюнча башкы директору Петерис Устубс ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ЕБ ортосундагы бюджеттик колдоонун алкагындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле “Суу секторун реформалоо” жаңы программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Алтынай
1758