КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ алкагындагы жалпы көзөмөлдөө тутумуна “кошуу” үчүн улуттук көзөмөлдөө системасын жыйынтыктап жатат

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ алкагындагы жалпы көзөмөлдөө тутумуна “кошуу” үчүн улуттук көзөмөлдөө системасын жыйынтыктап жатат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министри А.Бакетаев Коллегия мүчөсү Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Б.Сагинтаев менен жолугушту.

Отурумда Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн алкагында каржы саясаты жаатындагы актуалдуу маселелер, ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагына импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу талкууланды.

Көз салуу системасынын негизги милдети товарларды Биримдиктин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан экинчи мамлекеттин аймагына алып өтүүдө алардын жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоо болуп саналат. Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ алкагындагы жалпы көзөмөлдөө тутумуна “кошуу” үчүн улуттук көзөмөлдөө системасын жыйынтыктап жатат. 

Финансы министрлиги ошондой эле КРдин Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №220 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жүгүртүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 2022-жылдын 15-майынан тартып электрондук маалыматтык тутумдун, накладнойдун жардамы менен товарлардын жүгүртүүсүн эсепке алуунун жана контролдоонун улуттук механизми этабы менен ишке киргизилген:

1)    2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунай жана мунайдын продукциясынын, ошондой эле идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийешелуу болгон товарды жүгүртүү;
2)    2022-жылдын 1-июлунан тартып – Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык  Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге кирген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө карата; 
3)    2023-жылдын 1-январынан тартып - 1 жана 2-пунктчаларга кирбеген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөргө карата (б.а. товарлардын бардык түрлөрү боюнча). Бул чаралар товар жүгүртүүгө толук фискалдык контролду орнотууга мүмкүндүк жана бул салыктарды жыйноону бир кыйла жеңилдетет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2906