Menu
Тренддер
КР Финансы министри А.Бакетаевдин Кувейтке большое иш-сапары уланууда
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кол коюлган макулдашуунун алкагында жолугушуу болду. Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Кувейт шаарында өткөн экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынына катышты.
Бул иш-чарада экономика, соода жана инвестициялык кызматташуу, халал индустриясын стандартташтыруу, ошондой эле туризм тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-кувейт биргелешкен комиссиясынын 3-жыйынынын протоколуна кол коюлду.
2 сүрөттөр
2.48MB