Menu
Тренддер

Финансы министринин орун басары Р. Татиков менен Дүйнөлүк банк тараптан долбоордун жетекчиси Тахира Саеддин жолугушуусу болуп өттү
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо долбоору
Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында финансы министринин орун басары Р.С.Татиков менен Дүйнөлүк банк тараптан долбоордун жетекчиси Тахира Саеддин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруунун деталдарын жана жүрүшүн, анын ичинде андан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өз кезегинде министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле жаңы пландалып жаткан долбоордун мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелер да талкууланды. Талкуудан жана пикир алмашуудан кийин министрдин орун басары Дүйнөлүк банк тарабынан жардам көрсөтүү шарттарынын өзгөргөндүгүнө, ошондой эле артыкчылыктарга байланыштуу КРФМ иш-чараларды жана долбоордун багыттарын пландоодо алардын кайтарымдуу негизде болууга тийиш экендигин эске алууну сунуштай тургандыгын белгиледи.
Жолугушуунун аягында Р.С. Татиков Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана колдоосу үчүн Дүйнөлүк банктын командасына ыраазычылык билдирди.