Кыргызстандагы мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү

Кыргызстандагы мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү

Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасы менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана перспективалары” аттуу практикалык конференциянын алкагында эл аралык тажрыйба жана баалуу кагаздарды өнүктүрүүнүн келечеги багытында панелдик талкуу өткөрдү.

Панелдик сессияда Долбоорлорду башкаруу департаментинин башчысы Сезар Ллоренс, КФБ президенти Медетбек Назаралиев сөз сүйлөдү. Ошондой эле коммерциялык банктардын, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, Москва жана Казакстандын фондулук биржасынын өкүлдөрү катышты.

Панелдик сессиянын жүрүшүндө Финансы министринин орун басары мамлекеттик баалуу кагаздардын мыйзамдык платформасын натыйжалуу иштетүү жана өркүндөтүү үчүн интеграцияланган улуттук рынокту түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Р.С. Татиков коңшу мамлекеттер менен өз ара тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын пайыздык чени аны төлөө шарттарына жараша болорун билдирди. «Кыргызмобилдик» компаниясынын өкүлү катышуучуларга мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча биринчи санариптик тиркеме тууралуу айтып берди.

Кызматтын озгочолугу телефонуңуздун балансынан төлөм жүргүзүү же КФБ менен пилоттук долбоордун алкагында виртуалдык терезени колдонуу аркылуу КФБ жана брокердик компаниялардын санарип платформасына онлайн режиминде өтүүгө мүмкүндүк берет.

Панелдик сессиянын максаты коңшу мамлекеттердин практикасында тажрыйба алмашуу, Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздарды өнүктүрүүгө багытталган

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2290