Menu
Тренддер
ЯПОНИЯ ГРАНТТЫК ТҮРДӨ 7,6 МЛН. АКШ ДОЛЛАРЫН БӨЛҮП БЕРЕТ
КР Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Ошондой эле жолугушууда КР Саламаттыкты сактоо министри Г.Батырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Т.Масабиров катышты.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония Өкмөтү 999 млн япон йен(7,6 миллион АКШ доллары) грант (акысыз жардам) берип жатат.
Долбоордун максаты - саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргыз Республикасында иш-чаралар башталгандан бери JICA жана Кыргыз Республикасынын Япония элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда.
Долбоорлор транспорт, саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган.
2 сүрөттөр
5.46MB