2022-жылдын 10 айында энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 12,6 млрд. сом бөлүнгөн

2022-жылдын 10 айында энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 12,6 млрд. сом бөлүнгөн

Энергетика тармагынын, энергетикалык коопсуздукка, 2021-жылдан баштап бюджеттен күз-кышкы даярдык боюнча иш-чараларга абдан активдүү колдоо көрсөтүүдө. 2021-жылы энергетика тармагына түздөн түз бюджеттик чыгымдардын жалпы сумма 6,4 млрд. сом багытталса, 2022-жылы бул сумма 15,6 млрд. сомдон бир аз ашыгыраак сумманы жумшоо каралууда.

2022–жылдын 10 айына карата энергетика тармагына 12,6 млрд. сом каражат бөлүнгөн. Бул каражат былтыркы жылдык чыгашаларынын көлөмүнөн 6,2 млрд. сомго көп (2021-жылдын жылдык чыгашалары – 6,4 млрд. сом).

Кыскача капиталдык салымдарга токтолсок. Быйылкы жылы 3 млрд. сом деп пландалган болсо, азыркы күндө 17,4 млрд сомго жеткирилди. 10-айга карата 14,7 млрд. сом каржылоо болгон. 2021-жылы капиталдык салымдарга 6,1 млрд. сом жумшалган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2867