2023-ЖЫЛДЫН 5 АЙЫНДА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 401,4 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

2023-ЖЫЛДЫН 5 АЙЫНДА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 401,4 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын  ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401,4  млн сом акча каражаты каржыланган. Алар:

Бюджеттер  аралык  трансферттер:
1. Теңдөөчү трансферт-229,4 млн сом;
2. Ыйгарым укуктарды берүүгө-21,9 млн сом;
3. Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына-12,6 млн сом;
4. Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесин аткарууга-117,5 млн сом;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №21-р тескемесинин 1-пунктунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга)-20,0 млн сом каржыланды.

 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2023