Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоо үчүн сатып алуулар

Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоо үчүн сатып алуулар

Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров башында турган топ Манила шаарында (Филиппин) өтүп жаткан Азия-Тынч океан тармагынын 8-эл аралык конференциясына катышууда. Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен уюштурулду. Быйылкы жылдын темасы - Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоо үчүн сатып алуулар.

Иш-чаранын максаты - Азия-Тынч океан өкмөтүнүн электрондук сатып алуулар тармагынын билим алмашуусун жана кызматташтыгын улантуу, өз өлкөлөрүндө электрондук сатып алуулар системаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартылган эксперттердин жана мамлекеттик сектордун лидерлеринин кеңири тармагын өнүктүрүү, ошондой эле пикир алмашуу жана электрондук сатып алуулар жана чек ара соодасы жаатындагы региондор аралык кызматташууну жакшыртууга көмөктөшүү. 

Белгилей кетсек, бул иш-чарада ЭСА (электрондук сатып алууларды) ишке ашыруучу мамлекеттик сатып алуу агенттиктери эл аралык мыкты тажрыйбалар боюнча кошумча билимге ээ болушат жана мамлекеттик секторду реформалоо боюнча кеңири демилгенин бир бөлүгү катары катышуучулар ЭСА мыкты ишке ашырууда жана интеграциялоодо тажрыйба алмашат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин даттануулар жана электрондук каталог бөлүмүнүн башчысы А.Осмонкулова мамлекеттик сатып алуулар тармагында электрондук сатып алууларды киргизүү жана мындан ары санариптик технологияларды колдонуу боюнча баяндама жасады.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар электрондук сатып алуулар тармагынын практиктери менен кызматташуунун потенциалдуу багыттарын аныкташты жана сатып алууларды санариптештирүү жана аны шашылыш сатып алууларда колдонуу боюнча маалымат жана билим алышты.

Иш-чаранын негизги катышуучулары мамлекеттик сатып алуу органдары.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2888