Финансы министринин орун басары А.М.Кудайбердиев Кореянын Экспорттук-Импорттук Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министринин орун басары А.М.Кудайбердиев Кореянын Экспорттук-Импорттук Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

КР ФМ

 

Финансы министринин орун басары А.М.Кудайбердиев Кореянын Экспорттук-Импорттук Банкынын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Санджин Канг жетектеген өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарым жана толук укуктуу Элчиси Аида Исмаилова да катышты.

Жолугушуу учурунда тараптар Экономикалык өнүгүү боюнча кызматташтык фондусу (EDCF) тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтү ортосунда 2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында 500 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү суммага кол коюлган Экономикалык өнүгүү боюнча кызматташтык фондунан берилүүчү кредиттер тууралуу алкактык макулдашууга  бурулду.

Иш-чаранын натыйжасында тараптар белгиленген долбоорлордун алкагында биргелешкен иштин негизги багыттарын белгилөө менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1799

Окшош жаңылыктар