Menu
Тренддер

Финансы министринин орун басары Р. Татиков Эмико Тодороки айым менен «Микро-, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында жолугушту
Финансы министрлигинде финансы министринин орун басары Р. Татиков менен Дүйнөлүк банктын долбоорунун менеджери Эмико Тодороки айым менен «Микро-, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле Карен Григорян ("Микро-, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо" долбоорунун менеджери), Нурланбек Тынаев (Дүйнөлүк Банктын жергиликтүү консультанты) жана Бермет Мусакожоева (Кредиттик линиянын башкаруу бөлүмүнүн директору катышты.
Жыйында министрдин орун басары Дүйнөлүк банктын командасына көрсөткөн колдоосу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул жолугушууда Долбоордун жүрүшү, миссиянын жыйынтыктары жана келечектеги пландар тууралуу суроолор талкууланды.
Р.Татиков кайтарымсыз каржылык жардамдын шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайызсыз кредиттер боюнча каражаттардын берилиши бир топ өскөнүн белгиледи. Мындан тышкары, министрдин орун басары 2022-жылдын ноябрь айында эле Долбоордун 1-компонентине катышкан банктарга Долбоордун алкагында ишкерлерди андан ары каржылоо үчүн 245 миллион сом которулганын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган жаңы долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоор кайтарымдуулук негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылайт. Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:
- ААК «Айыл Банк»
- ААК "Керемет Банк"
- ААК "РСК Банк"
- «Азия Банкы» ЖАК
- ААК "ФинансКредит Банк"
- АК "КБ Кыргызстан"
- «Борбордук Азиянын Капитал Банкы» ААКсы
- ААК «Халык Банк Кыргызстан»
- «Дос-Кредобанк» ААК
- «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы
- «Бакай Банк» ААК
- ЖАК "Кыргыз-Швейцария Банкы"




4 сүрөттөр
4.53MB