Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков «Микро-, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо» долбоорунун алкагында ишкерлер жана «Айыл Банк» менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков «Микро-, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо» долбоорунун алкагында ишкерлер жана «Айыл Банк» менен жолугушууларды өткөрдү.

Каржы министрлигинин 100 жылдыгына карата Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Руслан Татиков ишкер Назгүл Имамали кызы менен жолугушту. Ишкер айым мамлекеттен 1 млн сом өлчөмүндө пайызсыз алып, Баткен шаарындагы мейманканасы үчүн техника сатып алган.

Нагугүл Имамали кызынын айтымында, долбоор ага мейманканадагы тейлөө сапатын жакшыртууга жана көбүрөөк конокторду тосуп алууга жардам берген. Өз кезегинде каржы министринин орун басары Руслан Татиков долбоор жеке ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, аймактарда бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө да салым кошуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Р.Татиков «Айыл Банк» ААКтын филиалынын кардарлары жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, анда ишкерлерге пайызсыз кредиттерди берүү маселелери жана салык реформасына байланыштуу финансылык каражаттарды алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча өзгөртүлөрдү киргизүү зарылдыгы талкууланды.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
364