Жаңы малекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет

Жаңы малекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет

Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү максатында, тиешелүү Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып жаңы маалыматтык технологиялар, тактап айтканда смарт-контракт, электрондук келишимдеги контракт, шифрлөө, электрондук банктык келишимди колдоо сыяктуу технологияларды колдонуу менен жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке киргизилет.

Сатып алуу процессин башкарууга, тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берген контракттарды башкаруунун жаңы бөлүмү киргизилүүдө, ал тобокелдиктерди, контракттардын аткарылбай калышын жана коррупциялык компоненттерди азайтууга багытталган.

Ошондой эле, Жаңы порталда электрондук сатып алуулар тутумунун маалыматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн коомчулукка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдун жаңы инструменттери – мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарына жетүү үчүн бирдиктүү терезе болгон OCDS ачык маалыматтар стандарттары каралган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3194