“Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү-2” долбоорунун Кеңешинин отуруму

“Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү-2” долбоорунун Кеңешинин отуруму

2022-жылдын 11-апрелинде Финансы министрлигинин жетекчилигинин жана Дүйнөлүк Банктын, Швейцария Өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү” Экинчи Долбоорунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Финансы министри Бакетаев А.К. мамлекеттик финансы чөйрөсүндө айрым багыттар боюнча аткарылган иштерди белгилеп, долбоорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. 

Бакетаев А.К. белгилегендей, долбоордун ишке ашыруунун жыйынтыктарынын негизинде жана анын логикалык уландысы катары фнансы Министрлиги ПФМ реформасын андан ары колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Маалымат үчүн: “Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү” Экинчи Долбоорунун Кеңеши мамлекеттик органдар менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны, ошондой эле долбоордун стратегиялык багытын көрүү үчүн түзүлгөн коллегиалдуу орган болуп саналат.

Экинчи долбоор “Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү” 2018-жылдын июнь айында жактырылган жана Швейцария Өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын гранттык негиздеги төгүмдөрү менен Көп донордук трасттык фонддун алкагында ишке ашырылууда. Көп донордук трасттык фондду Дүйнөлүк банк башкарат. Долбоор 2022-жылдын августунда аяктайт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2189