Menu
Тренддер
КРФМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АРАСЫНДА ФУТБОЛ ЖАНА АЯЛДАР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ТУРНИР АЯКТАЛДЫ
КР Финансы министрлиги Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата Финансы министрлигинин жана ведомствого караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында футбол жана аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрдү.
Кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча мелдешке «МФКРнын шаардык башкармалыгы» «Финансы министрлиги 2» жана «Финансы министрлиги 1» командалары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Минфин 1» командасы ээледи.
Футбол боюнча мелдешке жалпысынан 8 команда катышып, алардын арасында «Нур-Финанс», «Алтын Казына», «Мыйзам», «Индустри», «Вирус», «СВА», «Международник» жана «Инфосистемс» командалары катышты.
Топтук оюндардын жыйынтыгы боюнча финалга “Инфосистема” жана “Отраслевик” командалары чыкты. Финалдык беттеште «Отраслевик» командасы пенальтилер сериясында жеңишке жетип, Финансы-экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган турнирдин чемпиону аталды. Экинчи орунду «Инфосистемс» командасы ээледи. 3-орун үчүн болгон күрөштө “Аудит” жана “Нур-Финанс” командалары беттешип, анда “Нур-Финанс” командасы жеңишке жетти.
Мыкты оюнчулар:
Турнирдин мыкты оюнчусу – К.Надырбеков
Турнирдин эң мыкты дарбазачысы – Н.Маматов
Турнирдин эң мыкты голу – И.Расулов
Турнирдин мыкты коргоочусу – Н.Абдыкапаров
Мындай иш-чаралар команданын ишин чыңдоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулууда.