Menu
Тренддер

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН АРДАГЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
Жалал-Абад облусунунун Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлеринин коомдук бирикмесинин кезектеги жылдык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан келген Финансы министрлигинин ардагерлери катышты. Жыйынды ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Асипов ачып, саламдашуу сөзүндө ардагерлердин мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнө кошкон салымы жөнүндө белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө текшерүү комиссиясынын төрагасы жылдык отчетун сунуштап, ага карата суроо-жооп, пикир алмашуулар жана талкуулар уюштурулду. Жыйын соңунда Жалал-Абад шаарындагы ардагерлер тарабынан сый-тамак жана маданий шоу-программа уюштурулуп, иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын Ардагерлери» коомдук бирикмеси 2014-жылы негизделген. Уюм Финансы министрлигинин колдоосу менен түзүлүп, министр А.К. Бакетаевдин демилгеси менен жыл сайын үзгүлтүксүз иш алып барып келет.


2 сүрөттөр
0.00MB